Өткөн суткада 29 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкек шаары – 17, Чүй облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 6, Жалал-Абад облусу – 2.
Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 184 миң 506га жетти.
Ал эми илдеттен бир суткада 30 бейтап сакайып чыкты. Жалпы коронавирустан сакайып чыккандардын саны 179 миң 619 бейтапты түздү.