Бүгүн, 24-апрелде Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов онлайн маалымат жыйын берип жатат. Анда облустагы акыркы кырдаалга байланыштуу маалыматтар айтылууда. Комендант алгач кыргыз элин кирип келген Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, облустагы абал тууралуу билдирди.
"Өткөн суткада Ош облусу боюнча 7 адам эреже бузган. Алар райондук комендатура жана ички иштер башкармалыктарына алып келинген. Кармалгандардан экөө мас абалда болгон. Ал жарандарга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу", - деп билдирди Нурдинов.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак, Ат-Башы райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганы маалымдалган.
Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо саат 21:00-06:00 аралыгы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынган.