Бүгүн, 22-мартта Өкмөт үйүндө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов өлкөдө өзгөчө кырдаал киргенине байланыштуу онлайн маалымат жыйынын берүүдө.
"Карантиндик посттордун негизги максаттарынын бири эпидемияны өлкө боюнча жайылтпоо. Ошондой эле адамдар менен унаалардын жүрүшүн минимумга чыгаруу. Эмгек кодексинде жарандардын бардык укуктары каралган. Эгер мамлекеттик мекемелерде бир үй-бүлөдөн эки жаран иштесе, анда жетекчилик менен сүйлөшүп бири жумушка чыкпай турса болот", - деди Акматов.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14 адам.