Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирустан айыккан эки жаран донор болууга макул болушту. Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, айыккандардан алынган кан коронавирустун оор түрү менен ооругандарды дарылоодо колдонулат.
Донор болгон жарандын бири 20-мартта өзүн начар сезип, 5 күндөн кийин ооруканага түшкөн. Ага эки тараптуу пневмония жана коронавирус диагнозу коюлган.
Ал эми донор болгон экинчи жаран 14-мартта өзүн начар сезип, өз алдынча дарыланууну баштаган. Коронавируска кабылгандан кийин ооруканада 7 апта дарыланып, айыккан.
Донор болгон жарандарга 20 миң теңге өлчөмүндөгү акча берилери айтылат маалыматта.
Учурда Казакстанда ооруну жуктургандардын жалпы саны 5 миң 571ге жетти. Анын ичинен 2 миң 408и илдетти жеңип айыкса, 32 бейтап каза болду.