Бүгүн, 14-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн маалымат жыйын берди. Өкмөт өкүлү облустагы коронавирус эң көп катталган Чаткал районундагы абалга токтолду.
“Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда карантин тартиби күчүндө жана 12 пост иштөөдө. Ооруну жокко чыгаруу үчүн Чаткалга адамдардын кирип-чыгуусуна тыюу салып жатабыз. Облус боюнча элдин кыймылын азайтуу максатында патрулдук милиция кызматы күнү-түнү ишин улантууда”, - деп билдирди Нурболот Мирзахмедов.
Белгилей кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин уланмакчы. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө азыр да күчүндө.
Кыргыз өлкөсүндө 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталуу.