Лондон шаарынын тургуну изоляцияда отурган учурда денесине 40тан ашуун татуировка тартып, бош жери калбаганына капаланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Крис Вудхед аттуу жаран карантинде отургандан бери денесине күндө жаңы татуировка тартып келген. Анын айтымында, ар бир сүрөтү учурдагы дүйнөдө болуп жаткан абалды элестетет. Мисалы, ал таманына "бул нерсе качан бүтөт?" деген сөздү жазган. Ал татуировка коронавирус инфекциясы менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге арналат деген Крис. 18 жашында алгачкы татуировкасын тарттырган Крис денесине сүрөт тарткан процесс аны эс алдырарын билдирген.
"Карантин башталганда бекерчиликтен тажап кеттим. Ошондон кийин татуировка тартуу идеясы оюма келди. Азыр мен оюма эмне келсе, ошону тартам", - деген татуировкачы жаңы хоббиси тууралуу.