Дарыгер: "Колду самындап жууй берүү ден соолукка зыян"

Колду бат-баттан самындап жууп, антисептикалык каражаттарды колдоно берүү ден соолукка зыян. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Аллерголог-иммунолог дарыгер Алексей Бессмертныйдын айтымында, пандемия учурунда колду бат-баттан жууп турган туура, бирок ал ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн.

"Бизге дерматит менен кайрылган бейтаптардын көбү колун бат-баттан самындап жууй бергендер. Колду бат-баттан самындап жууп, антисептикалык каражаттарды колдоно берүү теринин флорасын бузуп, иммунитетин түшүрөт. Колду жуугандан соң терини азыктандыра турган кол май сүйкөө керек", - дейт дарыгер.

Мындан улам колду 1 күндө 8 жолу жууган туура болот. Кандайдыр бир жумуштун алдында кол кап кийип алуу да колдун терисин сактайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KalenAlmaz
2020-04-20 16:02:08
Бойрокко да зыян екенин байкадым
+2
Sakubek
2020-04-20 17:02:08
Бир кундо кантип 8 жолу жуусун
+1
Chungyz
2020-04-20 17:44:37
Гыжгышгыжденияны гышгыждения кылтасынар
0
Evroset.Evroset.
2020-04-21 16:59:59
Акыркы мезгилде баары тушунксуз болууда. Бири айтат,тез тез жуу,ден соолука пайда деп,бири жазат ден соолука зыян деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан