Бүгүн, 20-мартка карата өлкөдө коронавирус менен жабыркаган дагы 3 учур катталды. Вирусту жуктургандар кичи ажылык зыяратына барып келишкенин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен ноокаттык тургундар тапшырган тесттин жыйынтыгы 19-мартта чыкканын айтат.
"Жабыркагандар 67, 71 жана 77 жаштагы аялдар. Алар изоляцияга алынды. Вирусту жуктургандар Жидда-Ош каттамы менен 12-мартта учуп келишкен. Алар менен учакта 282 жүргүнчү болгон. Учурда алар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деди мекеменин маалымат катчысы.
Министрлик коронавирус боюнча суроолор болсо 112 же 118 номерлерине байланышууну суранат.