Түркиянын белгилүү "Бешикташ" футболдук клубунун президенти Ахмет Нур Чебиден жана клубдун сегиз кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу клубдун сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 13-майда клубдун оюнчулары, машыктыруучулары жана кызматкерлери коронавируска каршы текшерүүдөн өтүшкөн. Натыйжада клубдун башчысынан жана 8 кызматкеринен коронавирус табылган. Кызматкерлердин ысымдары жарыяланган эмес.
Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 144 миң 749 адамдан инфекция аныкталды. 4 миң 7 адам каза болсо, 104 миң 30 бейтап айыгып чыкты.