+327. Анын 214ү Бишкек менен Чүйдө аныкталды. Өлкө боюнча коронавирус инфекциясы 7 миңден ашык адамга жайылды

Өткөн суткада республика боюнча дагы 327 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен илдет жалпы 7 миң 94 адамга жайылды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаары – 149;
Чүй облусу – 65;
Ош шаары – 45;
Ош облусу – 8;
Нарын облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 8;
Талас облусу – 1;
Баткен облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 17.

Баары оорулуулар менен байланышта болгон. Стационарда – 670, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 18 бейтап жатат. Үй карантининде дарыланып жаткандар – 3 632.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aybiyke
2020-07-04 10:50:59
Райондор бойунча статистиканы чыгарып койгулачы
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан