Өлкө боюнча бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар өз убагында берилет. Бул тууралуу вице-премьер министр Эркин Асрандиев онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.
"Мамлекеттик бюджеттин кырдаалы оор болгонуна карабастан, социалдык милдеттерди өз убагында аткаруу үчүн күн сайын күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Өкмөт пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик органдардын айлык акыларын өз учурунда берип жатат жана мындан ары дагы бул иштер өз убагында төлөнүп берилет", - деди Асрандиев.