Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Лейла Адамян кош бойлуу энеден ичиндеги баласына коронавирус жукпай тургандыгын айткан. Мындай маалыматты акушер орус басылмаларынын бирине берген маегинде билдирген.
Адистин пикири боюнча, учурда кош бойлуу айымдардын баласынан коронавирус аныкталып жатканы төрөттөн кийин жуктуруп алышынын кесепети.
"Кош бойлуу кезинде эне COVID-19 илдетин жуктуруп алганы тастыкталган күнү деле ичинде жаткан бала бардык жагынан корголуу болот. Бала жарык дүйнөгө келгенде таптаза, стерилдүү болуп түшөт. Эгер ымыркайдан бул илдет аныкталса, демек ал аны төрөлгөндөн кийин энесинен же курчап турган чөйрөсүнөн жуктуруп алган. Андыктан бала жаңы төрөлгөндө эле бардык коопсуздук эрежелерди сактоо зарыл", - деген акушер-гинеколог.
Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда 2 жарым миңден ашуун кош бойлуу аялдардан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 800 айым Москва шаарында жашайт. Алардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө экени белгиленет.