Депутат мамлекетке пайдасы жок мекемелерди сатууну сунуштады

Депутат Искандер Гайпкулов мамлекетке пайдасы жок мекемелерди сатууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.

"Ысык-Көлдөгү "Аврора" пансионатын мисал келтирсек, "Аврора грин" деген бир бөлүгүн 10 миллион сомго ижарага берет. Ал жакты 15 киши иштетет. Ошол акча бюджетке эмес, "Аврорага" түшөт. Пансионат аны айландырып, 100 миллион сом пайда таап, 5 миллион сом эле киреше көрсөтүп жатат. Анын 1 миллион сому гана бюджетке түшүүдө. Андай пансионаттардын кимге кереги бар? Саткыла. Ал жакта жалаң ошо чоңдордун тууган-уруктары дарыланып, мамлекеттин эсебинен жашап жүрүшөт. Ошону менен катар эле Бишкек шаарындагы "Кыял" базары, "Караван" соода борбору сыяктуу бюджетке кирешесинен чыгашасы көп мекемелерди да саткыла", - деди Гайпкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан