Экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин жубайы дагы коронавирус жуктуруп алганы айтылды

Бүгүн, 15-майда республикалык штабдан коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус менен жабыркап, бейтапканада жатканы жана анын абалы оор экенин кабарлашты. Ал эми анын жубайы дагы коронавирус жуктуруп алып, учурда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланып жатканы маалым болду. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Айтымында, бейтаптын абалы туруктуу.

"Эки бейтап тең биздин ооруканада жатат. Мукар Чолпонбаевдин жубайынын абалы канааттандырарлык. Ал эми экс-төраганын абалы оор, аппарат менен дем алып жатат. Албетте, жубайы жолдошунан кийин бейтапканага келип түшкөн", - деди башкы дарыгер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2020-05-15 18:55:52
Кырыла беришсин чекеден бийликтегилер омиийн.
-7
-BOSS-
2020-05-15 19:18:03
nazarnew, тууган бирөөгө өлүм тилегенче өзүңө өмүр тиле дейт, ким болсо дагы балееден алыс эле болсунчу.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан