"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 9 миңден ашуун адам каза болду

Бүгүн, 18-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 120 миллион 130 миң 924 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 68 миллион 681 миң 443 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 679 миң 63 (+9329) адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 604 миң 448 болду. 537 миң 992 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 693 миң 838 адамдан аныкталды. 284 миң 775 адам каза болсо, 10 миллион 326 миң 375 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 438 миң 734 адам вируска кабылган. 159 миң 44 бейтап көз жумса, 11 миллион 45 миң 284 бейтап оорудан сакайды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurgazy29
2021-03-18 08:48:22
-
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан