Депутат коронавирус боюнча өкмөткө расмий маалыматтарды көбүрөөк берип турууну сунуштады

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирусту алдын алуу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу өкмөт маалымат берүүдө.

Депутат Алмазбек Баатырбеков фейк маалыматтардын курмандыгы болгон учурлар болуп жатканын айтты. Ал өкмөткө расмий маалыматтарды көбүрөөк берип турууну сунуштады.

Саламаттыкты сактоо министри бир катар өлкөлөрдө ыкчам изилдөөлөр жүргүзүлүп, коронавируска каршы вакциналардын айрым үлгүлөрү иштелип чыкканын, алар эксперименталдык сыноодон өткөрүлүп жатканын билдирди. "Азыр коронавирус жуктурган Кыргыз жараны жок, коронавируска каршы вакцина дагы жок. Эгер вакцинанын үлгүлөрү сыноодон ийгиликтүү өтүп, колдонууга чыкса, кыргыз кызматы тарабынан дароо аны алуу чаралары көрүлөт", - деди Космосбек Чолпонбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан