Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айылында 60 адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу аталган айылдын жашоочусу SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айылга Орусиядан каза болуп калган адамдын сөөгү алып келинген.
"Азыркы тапта айылыбызда абал тынч эмес, милиция кызматкерлери жүрөт. Окуя тууралуу бүгүн, 19-майда айылда өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда чогулуш өтүптүр", - деди жаран.
Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Каныбек Асанов төмөнкүлөргө токтолуп, маалыматты четке какты.
"Мен бул тууралуу маалымат бере албайм, анткени дарыгер эмесмин. Негизинен бул маалымат так эмес, жарандар посттон текшерилип өтүшкөн. Болгону маркумдун аялын коронавируска күмөн санап жатышат. Мен учурда уюштуруу иштери менен эле жүрөм.
Айыл карантинге алынды, азыркы тапта эрежелер сакталып жатат. Эми анализ тапшыргандардын анализдери чыккандан кийин гана маалымат берилет", - деп билдирди айыл башчы.