Коронавирус аныкталган ноокаттык 3 тургун кичи ажылык зыяратына барып келишкен. Алар сузактыктар менен эмес, башка аба каттамы менен келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
20-мартка карата өлкөдө 6 жаран коронавирус менен жабыркап жатат.