Иран өлкөсү спорттук иш-чараларды көрүүчүлөрсүз өткөрүүгө даяр

Иран өлкөсү спорттук иш-чараларды көрүүчүлөрсүз өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Хасан Рухани коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын отурумунда билдирген.

"6-июндан баштап жогорку окуу жайлар өз ишин кайрадан башташат. Ал эми көрүүчүлөрсүз спорттук иш-чаралар эрежелерди сактоо менен улантылат”, - деген президент.

Эскерте кетсек, Иран өлкөсү өз спортчуларына идеологиялык принциптер боюнча Израиль мамлекетинин спортчулары менен мелдештерге катышууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Бул мыйзам долбоору 14-майда Ирандын парламенти тарабынан кабыл алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан