Казакстандык блогер: "Коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы дароо билинбейт экен"

Казакстандык блогер Аида Ким коронавируска тапшырган медициналык тесттин жыйынтыгы дароо эле, тагыраагы, бир нече сааттын аралыгында чыкпай турганын айтып чыкты. Ал коронавирус аныкталган Казак жараны менен чогуу Германиядан келип, карантинге алынган.

Айтымында, үйүнө келгенден кийин инфекциялык ооруканадан чалышып, даярданып туруусун эскерткен. "Тез жардам" кызматы менен келген дарыгерлер блогердин жана анын жолдошунун дене табын текшерип, инфекциялык ооруканага алып барышкан. "Бир палатада 6 киши жатат экен. Дарыгерлер дене табын өлчөчү прибор (градусник) берип, 3 саат сайын дене табыбызды текшерип, жазып турууну айтышты. Маалымат жеткиликтүү болбогондуктан, эмне кыларыбызды билбей жаттык. Дарыгерлер мындан ары жашообуздун кандай болорун айтышса дедик. Достор, өзүңөрдү жана жакындарыңарды мындай абалга салбагыла, март айындагы каттамдарды жыйыштырып, үйүңөрдө отургула", - деген ал.

Ошондой эле блогер коронавирус үчүн тест кантип алынарын, анын жыйынтыгы тууралуу мындай деген. "Мурдубуздан жана тамагыбыздан мазок алышты. Кан дагы алышты. Жыйынтыгы 4-5 күндө чыгат дешти. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы 6 саат аралыгында чыгат деп кабарлоодо. Мындан улам чындыкты ким айтып жатат, инфекциялык ооруканада канча убакыт болобуз, коронавирус менен жабыркагандардан карантинде жаткандарга вирус жукпайбы деген суроо пайда болду", - деди Аида Ким.

13-мартта Казакстанда коронавирус менен жабыркагандар катталып, 4 жаран карантинде экендиги кабарланган. Ал эми коронавирус жуктурган бешинчи Казак жараны Германияда экени маалымдалды.
Бүгүн, 14-мартта дагы эки жарандан коронавирус аныкталганын Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sirenaaaaa
2020-03-15 10:03:23
Кудай сатасын, тынчтык эле болсунчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан