Алтынай Өмүрбекова: "Коронавирустан айыккандардын саны көп боло баштады"

Коронавирустан айыккандардын саны көп боло баштады. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта вице-премьер Алтынай Өмүрбекова билдирди.

"Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча вирус жуктурган 167 миң 511 киши катталды. Ошол эле маалда айыккандардын саны дагы көп болууда.

Кыргыз өлкөсүндө эпидемиологиялык абал туруктуу. Учурда 8 мамлекеттик органдан турган штаб күнү-түнү иштеп жатат. Обсервацияда кишилердин саны 321 киши жатат. Маалым болгондой, биз буга чейин чет жактан келгендерди үч категорияга бөлгөнбүз. Биринчи категорияга киргендер обсервацияга киргизилет. Экинчи категориядагылар үй карантинине алынат жана 3 категориядагыларга өзү жашаган аймактан чыкпоо сыяктуу белгилүү чектөө коюлат деп чечилген. Бирок бүгүнкү күндөн тартып 2 гана категория болот. Биринчи категорияга кирген мамлекеттердин саны көбөйүүдө. Булар 1000 адамдан көп коронавирус катталган мамлекеттер. Алар Иран, Италия, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швецария, Англия, Голландия, Норвегия, Швеция, Бельгия, Австрия мамлекеттери. Коронавирус катталган мамлекеттерден келген биздин жарандар 2 категорияга кирип жатат", - дейт Алтынай Өмүрбекова.

Казакстан, Өзбекстан, Орусияда коронавирус өсүүдө. Өкмөт өлкөдөгү абалды айтты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан