Ушул жылдын 2-февралынан 16-майга чейин өлкөгө 10 миң 138 Кыргыз жараны кайтып келген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жарандарыбыз Кытайдан, Кореядан, Сауд Арабиядан, Индиядан, Орусиядан, Таиланддан, Шри-Ланкадан, Бириккен Араб Эмирликтеринен, Египеттен, Түркиядан, Малайзиядан, Ирандан, Кувейттен, Катардан, Япониядан, Германиядан кайтып келишкен. Ал эми Казакстан өлкөсүнүн жардамы менен жалпысынан 437 кыргыз мекенге алып келинди.
Мындан тышкары "Чоң-Капка, "Ак-Тилек", "Достук", "Кулунду", "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө жайлары аркылуу 1 миң 59 жаран транспорт менен келишкен. Жакынкы күндөрү Москвадагы, Беларустагы Кыргыз жарандарын алып келүү күтүлүүдө. Ошондой эле Москвадагы, Оренбургдагы жана Новосибирсктеги жарандарды алып келүү боюнча май айынын соңуна чейин чартердик каттамдар уюштурулган", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.