Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 7 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коронавирустан каза болгондордун ичинен төрт бейтап Бишкек шаарында катталса, эки бейтап Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.
Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 619га жетти.