Өлкө боюнча 8 миллион 397 миӊ 447 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Республика боюнча 8 миллион 397 миӊ 447 чарчы метр аймак дезинфекцияланды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта коронавирустун өлкө аймагына жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн атайын штаб билдирди.

"Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жалпысынан 338 куткаруучу, 44 өрт өчүрүүчү унаа тартылды", - деп билдирди штабдан.

Дезинфекциялоо иштери улантылууда.

25-март саат 08:00дөн тарта 15-апрель саат 08:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан