Бүгүн, 18-майда мурдагы "Ганси" авиабазасында жайгашкан "Семетей" обсервациясында Соль-Илецк шаарынан келип, жайгаштырылган жарандар ызы-чуу чыгарган.
Анда жарандар обсервацияда жаткан учурда алардын арасынан коронавирус аныкталды деп алынып кеткен жарандар үйлөрүнө алардан биринчи чыгып жатканына нааразы болушкан.
"Биз бардык шарттарга баш ийип жашап жатканбыз. Шарттар жакшы бул жерде, 2 күн мурун экинчи тесттин жыйынтыгы чыккан. 2 тест тең бизде коронавирус инфекциясы жок экенин тастыктаган. Ошондо 21-май күнү биздин обсервациядагы жаткан мөөнөтүбүз бүтүп, үйлөрүбүзгө кетмекпиз. Бирок биз менен чогуу келип коронавирус аныкталып, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткырылган бейтаптар бизден биринчи үйлөрүнө чыгарылып жатыптыр. Ошондон улам гана нааразычылыктар пайда болду", - деп билдирди обсервацияда жаткан окурман.
Ошондой эле аларды үйлөрүнө кетирүү үчүн маалымкат даяр болбой жаткандыгын, андан соң транспорт даяр эместигин айтышканын кошумчалады.