Бүгүн, 10-июнь саат 10:00гө карата алынган коронавирус инфекциясы тууралуу жаңы маалыматтар менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тааныштырды.
Өлкө боюнча 38 адамдан коронавирус аныкталып, 2 адам каза болду. Ошондой эле таза боюнча турган Таласта бир медицина кызматкери вирус жуктуруп алганы аныкталды.
Ал эми бир сутка ичинде 89 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.