COVID-19 жана пневмониянын статистикасы бир нече себептерден улам бириктирилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
“2020-жылдын 17-июлунда өкмөт COVID-19 жана пневмония боюнча статистиканы бириктирүүгө өттү. Коронавирустук инфекциянын белгилерин дарылоо боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги буйрук чыгарып, ага ылайык лабораториялык жактан тастыкталбаган, бирок клиникалык вирустун этиологиялык белгилери бар ооруканадан тышкаркы пневмония U07.2. кодуна тийиштүү, натыйжада, статистикалык жактан ооруканадан тышкаркы пневмония COVID-19дун бир көрүнүшү катары саналат”, - деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.
Анын айтымында, көптөгөн өлкөлөрдө ооруканадан тышкаркы пневмония COVID-19 боюнча жалпы статистикага киргизилбейт.
“Бирок биз бириктирүүдөн соң, COVID-19дан каза болгондордун саны жогорулагандыгына карабастан, статистиканы бириктирүү чечимин кабыл алдык. Бул маселе ар тараптуу эксперттер менен ар кандай деңгээлде бир нече ирет, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо кеңсесинин кызматкерлери менен талкууланды”, - деп кошумчалады.
Аида Исмаилова натыйжада статистика бир нече себептерден улам бириктирилгенин белгилеп кетти: Бул оорунун чыныгы масштабдарын көрүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле эпидемиологиялык абалдын мындан аркы өнүгүү моделин туура болжолдоого көмөк берет. Эпидемияга каршы күрөштүн туура стратегиялык багытын иштеп чыгып, муктаждыктарды туура пландаштырууга жардам берет.