Кыргыз өлкөсүнө 1 айга өзгөчө кырдаал киргизилди

Бүгүн, 21-март премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз өлкөсүнө өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу чечимди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жыйында премьер-министр Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин сунушуна ылайык, 22-марттан тартып бир айга өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизерин билдирди. Анда өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде тартылган бардык мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринини тизмеси жана тартиби камтылган.

«Планда борбор шаарда жана облустарда блокпостторду жайгаштыруу тууралуу маалыматтар белгиленип, күнүмдүк керектөө товарларын жана дары-дармектерди жеткирүү маршруттары, өлкө ичинде аба каттамдарын ишке ашыруу, коомдук унаалардын, азык-түлүк дүкөндөрүнүн жана дарыканалардын иштөө тартиби аныкталган. Ар бир жетекчи режимди кынтыксыз аткарууга жана бардык тартылган кызматтардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоого жеке жоопкерчиликти алат. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына да, биринчи кезекте алардын калкты азык-түлүк менен камсыздоо боюнча ишине тийиштүү. Чет жактан товарларды ташуу боюнча бизде эч кандай маселе жок, ошондуктан жарандар эч жерде тигил же бул продуктунун жана дары-дармектин тартыштыгына кабылбашы керек»,
- деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле ал өзгөчө көңүл Бишкек жана Ош шаарларына, андан сырткары коронавирус аныкталган аймактарга бурулуусу керектигин белгиледи.

Кеңешме учурунда бардык бейтаптарды кабыл алууга жетиштүү орундарды, 20 мүнөттүн ичинде жыйынтык чыгарган экспресс-тесттерди камсыздоо чараларын көрүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө кырдаал деген эмне? Кыргыз өлкөсүнө өзгөчө кырдаал жарыяланса, жарандардын укуктары жана милдеттери кандай болот? Бул тууралуу "Жарандык коргонуу жөнүндө" мыйзамында жазылган.

Өзгөчө кырдаал - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.

Мыйзамга ылайык, президент жарандык коргонуунун башка маселелерин Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизип, чечимин бекитет.

Калктын жарандык коргонуу жагындагы укуктары, Жаран жарандык коргонуу жагында эмнелерге милдеттүү, Жарандык коргонуунун мамлекеттик системинин негизги милдеттери тууралуу окугуңуз, ушул шилтемени басып өтүңүз.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Aroiz
2020-03-21 17:39:55
Аман-эсен ушул кыйынчылыктан кутулсак экен
+28
XAN-TORO
2020-03-21 17:57:07
Aroiz,оозуна май
+17
Hanbike9686
2020-03-21 18:19:01
Кудайдан болуп жакшы болуп кетсек экен...
+14
Benazir08
2020-03-21 19:36:00
Айланайын эл журт Ошто ун таппай койду бир акем 2000 болсо деле алат элем дейт саткан адам жок
+7
momun74
2020-03-21 19:47:26
Benazir08,туура айтасыз кече кунуд ушундай абал башталган
+1
kgul
2020-03-21 20:28:14
Ошто мэрдин кабарчысы билдируу таратты, ун албай калгандардын уйуно жеткизип беребиз деп, баасы 1300сом
+4
ika8086
2020-03-21 20:35:40
kgul,сынап корбойсуздорбу ошо версияны.Чын эле жеткирип беришет бекен.ХБКдан ун комбинатынан сатып алса болот.
+1
Saliman
2020-03-22 12:44:37
ika8086,чын эле жеткирип беришет биз алдык доставкасы менен 1400 сом болду
+1
ShaKe11
2020-03-22 12:47:41
Жол качан ачылат экен.?
0
nazarnew
2020-03-22 13:07:51
Блин зб уже, дагы бир айбы карантин, скоро Кыргызстан мощный кризиске кабылат да, блин иштер токтобой эле, иштей бербейби. Масса элди токтотуп коюп эле. Надоел уже үйдө бекинип жата берип, лучше вирус жуктуруп тынчыган оң. Ачкадан өлгөндөн көрө. Запас да түгөнөт скоро. Кыргызстан өзүн Европа эсептейт окшойт да. Вот тажиктер баарын ачты го.
-3
elimekg20
2020-03-22 14:24:12
nazarnew,озун иштей бер анда сендей кенебестердин айынан вирус жуктургандар кобоюп жатат
+2
Suiomseni
2020-03-22 14:27:31
nazarnew,жиндиго мобу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан