Штаб: "Соль-Илецктен келгендердин кайталап алынган анализи таза чыккандары үй карантинине жиберилди"

18-майда кайталап алынган анализинин жыйынтыгы таза чыккан Соль-Илецктен келген Кыргыз жарандары үй карантинине жиберилди. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар 7-майда мекенине кайтып келип, “Семетей” обсервациясына жайгаштырылган. Экинчи ирет ПЦР-анализи алынгандан кийин 541 жарандын ичинен 421 жаранда коронавирус жок экени аныкталды.

"Эксперттик комиссиянын чечимин күтпөй, обсервацияда жаткан адамдар чыдамсыздыгын көрсөтүштү. Бүгүн алар менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жолугушуп, аларга үй карантининин талаптары тууралуу айтып берди. Белгилей кетсек, экинчи ирет алынган ПЦР-анализдин жыйынтыгында коронавирус аныкталган 43 адам менен жакын байланышта болгон 19 адам обсервацияга калтырылды", - деп маалымдашты штабдан.

Өлкөгө кайтып келген 541 адамдын ичинде 101 адам стационарларга жаткырылган. Алардын 58и Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында, 43ү Улуттук фтизиатрия борборунда.

"Учурда обсервациядагы абал туруктуу, медиктер штаттык тартипте иштеп жатат" деп кошумчаланган маалыматта.

Соль-Илецктен келгендер обсервацияда чыр чыгарган видеосу тараган болчу. Штаб алардын анализдери таза чыкса үй карантинине жөнөтүлө турганын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MAKALAK
2020-05-18 20:19:55
Сомтурошуп алып кеткиле деп ыйлашат келип алып кутурушат бир Айдан кийин чек араны ачкыла деп тополон кылышат
+2
Dani
2020-05-18 21:53:05
MAKALAK,туура айтасын,эртен чыгышат биз иштейт элек деп
+1
natasha00
2020-05-18 23:24:30
Dani,Соль.Илецик кайсы Мамлекете карайт? Россиябы или.. 1жолу угушум)
0
bond0202
2020-05-19 07:47:50
natasha00,кытайга карайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан