Италияда 18-майда бар, ресторан жана чачтарачканалар ачылат

Барлар, ресторандар, чачтарачканалар жана сулуулук салондору 18-майдан баштап Италияда акырындык менен ачылып, иштеп баштайт.

Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жергиликтүү маалымат булактарына шилтеме берип кабарлашты.

Жергиликтүү бийлик 1-июнда ишкердикке коюлган чектөөлөрдү алып салуу укугун берген.

"Соодагерлер, музейлер жана китепканалар дагы 18-майдан тарта ишин калыбына келтире алышат. Ачаардан мурун мекемелер коопсуздук чараларын көрүшү керек. Ал эми ресторандар отургучтардын ортосунда 2 метр аралыкты белгилеши зарыл.

Ошондой эле күн сайын бөлмөлөрдү дезинфекциялоону, бардык ресторандардагы санитардык тазалоо каражаттарын жана официанттар үчүн милдеттүү бет каптар менен кол каптардын болуусу талапка ылайык", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөт кырдаалга кийлигишүү укугун сактап, эреже сактабаган мекемелердин ишин дагы чектей тургандыгын белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан