Бүгүн Лейлекте Кыргыз-Тажик чек ара өкүлдөрү жолукту

Бүгүн, 14-апрель күнү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагындагы Сай жерлигинде Кыргыз-Тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 вирусун тарап кетпөөсү боюнча кошумча чараларды көрүүнү талкуулашты. Анда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын күчөтүп, коронавирус инфекциясы тарап кетиши мүмкүн делген чек арага жакын жыш жайгашкан жашоочулар арасында бири-бири менен тыгыз байланышта болушу күтүлгөн аймактарга кошумча чек ара кезметтерин коюу боюнча макулдашты.

Ошону менен бирге чек ара өкүлдөрү Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларынын убактылуу жабылгандыгына байланыштуу чек араны биргеликте кайтаруу тартибин талкуулашты. Учурда чек арадагы бардык периметриндеги кырдаал туруктуу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-04-14 19:02:54
Келишип иштей бергиле бирок алданбай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан