Нигериялык хакерлер коронавирус пандемиясынан улам жумушсуз калган америкалык жарандардын жүз миллиондон ашык долларын уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, хакерлер жасалма баракчаларды колдонуп, коронавирус пандемиясынан улам жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укугу бар америкалыктардын жеке маалыматтарын жана камсыздандыруу номерлерин алышкан. Уурдалган маалыматтарды колдонуп, хакерлер өз алдынча жөлөк пул алууга арыз жазышкан.
Акчаларын уурдаткандардын көпчүлүгү медицина жана билим берүү тармагынын мурдагы кызматкерлери.
АКШда коронавирус пандемиясына байланыштуу 35 миллиондон ашык адам жумушсуз калган. Өлкөнүн Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн аптада 2 миллион 981 миң адамдын жөлөк пул алуу өтүнүчү жөнөтүлгөн.