"Ухан вирусу": АКШда илдетти жуктургандардын саны 12 миллионго чукулдады

Бүгүн, 21-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 57 миллион 495 миң 631 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 36 миллион 822 миң 728 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 371 миң 241 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 11 миллион 908 миң 395 болду. 254 миң 383 адам каза болсо, 4 миллион 457 миң 930 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 4 миң 365 адамдан аныкталды. 132 миң 162 адам каза болсо, 8 миллион 428 миң 409 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 20 миң 164 адам вируска кабылган. 168 миң 613 бейтап көз жумса, 5 миллион 430 миң 896 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан