ФИФА уюму коронавируска каршы күрөшүү үчүн кайрымдуулук оюндарды уюштурат

ФИФА уюму (Эл аралык футбол ассоциациясы) биринчи жолу коронавируска каршы күрөшүү үчүн футбол боюнча кайрымдуулук оюндарды уюштурат. Бул тууралуу аталган уюмдун президенти Жанни Инфантино билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз тилектештикти көрсөтөбүз жана пандемияга каршы күрөшүү иш-аракеттерине катышууга жана колдоого бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керек", - деген Инфантино.

Кайрымдуулук оюндан түшкөн каражаттар коронавирусту дарылоонун жаңы технологияларын, анын ичинде диагнозду, терапияны жана вакциналарды иштеп чыгууга жумшалат.

Бул фонддун башкы директору Юрий Жоркаэф кайрымдуулук оюндун өткөрүү орду, датасы, катышуучулары жана форматы жөнүндө кеңири маалыматты анын бөлүмү өз убагында жарыялай тургандыгын белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан