Таласта коронавирус жуктуруп алган дарыгердин жолдошу трассанын боюнда дүкөн иштеткени маалым болду

Талас облусунда биринчилерден болуп коронавирус илдетин жуктуруп алган дарыгер мобилдик топто 15-майдан 31-майга чейин иштеген. Бүгүнкү күнгө карата вирус аныкталган дарыгердин жолдошу жана жолдошунун досу дагы оорунун жуктуруп алганы белгилүү болду.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев бейтаптар илдетти жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан жуктуруп алуусу мүмкүн экенин айтат

"Илдет аныкталган дарыгердин жолдошу трассанын боюнда дүкөн иштетет экен. Дүкөндү иштеткен жарандын жүк ташыган айдоочулар менен байланышы бар болгон. Учурда илдетти жуктуруп алуунун себептери такталып жатат. Ал эми дарыгер мобилдик топто иштеп жүргөн учурда аны менен байланышта болгондордун баарынын анализи "таза" чыкты. Мындан улам илдетти жуктуруп алуу дүкөндө болгон болушу мүмкүн", - деди Мураталиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Farra16gsin
2020-06-11 14:56:04
Ии кашайгырдыкы эми балее баспадыбы ал магазинден канча киши соода кылган соода кылган кишилер канчасы менен контак болду бир кудай билет Арстан Алайды чакыргыла Таластыктарга жукпайт дебеди беле бул жагы эмне болду эми?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан