"Ухан вирусу": Бразилия коронавирусту жуктургандардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты

19-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 4 миллион 798 миң 594кө жетти. Анын арасынан 1 миллион 784 миң 714 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 318 миң 303 адам көз жумду.

Дүйнөдө коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы тизмекте турган АКШда 1 миллион 508 миң 168 адам катталды. Андан 283 миң 178 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 90 миң 338 адам оорудан каза болду.

Орусияда 290 миң 678 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 70 миң 209 бейтап сакайып, 2 миң 722 адам дүйнө салды.

Бул күнгө карата Бразилия коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча Улуу Британияны бир орун артка жылдырып, үчүнчү орунга чыкты. Анда 255 миң 368 адам коронавирус илдетин жуктурган. Оорудан 100 миң 459 адам айыкса, каза болгондордун саны 16 миң 853кө жетти.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baha.A
2020-05-19 13:16:47
Орусияда айыккандардын саны аз,Бразилияда коп экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан