Өлкөдө коронавируска чалдыккан дарыгерлердин саны дагы өсүп, жалпы 39га жетти

Бүгүн, 10-апрель саат 10:00гө карата республика боюнча коронавирус менен ооруп жаткан дарыгерлердин саны 39га жетти. Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын маалыматына ылайык, сутка ичинде 5 медицина кызматкеринен вирус аныкталды. Алар:

Бишкек шаарында – 8;
Чүй облусунда - 1;
Ош облусунда – 21;
Жалал-Абад облусунда – 8;
Баткен облусунда – 1.

Кечээ, 9-апрелде вируска жалпысынан 34 медицина тармагындагы кызматкерлер кабылганы, алардын арасында ашкананын жумушчулары, кир жууп иштегендер дагы бар экени маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuri1988Elim2010
2020-04-10 10:49:56
Обсервацияда жаткандардан чыгып жатабы же жаңы жуктуруп жаткандарбы?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан