Бишкек шаардык мэриясынан "Тазалык" ишканасы шаардагы таштанды контейнерлерин дезинфекциялап жана сырдай баштаганын маалымдашты. Анда айтылгандай, контейнерлерди "Тазалыктын" жумушчулары жууп, атайын каражаттар менен тазалап, андан соң хлорлонгон суу менен дезинфекциялашууда. Жалпысынан таштанды контейнерлери 4 миңге жакын, анын арасынан 106сы дезинфекциядан өттү.
"Шаар тургундарын муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле жасоого, таштандыны контейнердин ичине салып, жумушчулардын эмгегин сыйлоого чакырабыз", - деп билдиришти мэриядан.