Депутат Алтыбаева: "Парламентке өтүү үчүн босого чегинин пайызы төмөн болсо, даяр эмес, майда партиялар шайлоого аттанат"

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралып жатат.

Депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Исхак Масалиевден босого чегин 5 пайызга төмөндөтүү кандай максатта сунушталып жатканын сурады. "Парламенттик шайлоо 2010-жылы 5 пайыздык босого чеги менен, 2015-жылы 7 пайыздык босого чеги менен өткөн. Кийин өзүбүз 2016-жылы 9 пайыздык босого чегин колдоп бергенбиз. 5 пайызды кайсы максат менен сунуштап жатасыз?", - деп сурады Алтыбаева.

Исхак Масалиев ар бир депутаттын өзүнүн пикири боло турганын айтты. "Азыркы учурда мамлекет өзүнүн жолун издеп жатат. Жеке менин оюма койгондо, 3 пайыздык босого чегин сунуштайт элем. Бирок мыйзам долбоорунун демилгечилери талкуулап, 5 пайыздык босого чеги болсун деп токтолдук", - дейт Масалиев.

Алтыбаева босого чектин пайызы төмөн болсо, шайлоого даяр эмес майда партиялар аттана турганын айтты. "Элибиздин добушу майдаланып кетет. Азыр 5 пайыздык босого чеги менен 30дай партия аттанат. 5 пайыз парламенттик демократиянын, партиянын өнүгүшүнө жол бербейт", - деди ал.

Масалиев: "Сиз же мен шайлоочуларга тоскоолдук кыла албайбыз. Майда партия деп ким баа берет? Максатыбыз партияларды ири партияга айлантуу болуп саналат. Биз шайлоочуларга чектөө кылбашыбыз керек. Майда партия деп айтууга болбойт", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан