Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралып жатат.
Депутат Иса Өмүркулов босого чегин төмөндөтүүгө 6-чакырылыштын депутаттары барбаш керек эле деген пикирин айтты. "Биздин ушул маселе боюнча позициябыз принципиалдуу болуш керек эле да. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы өзгөртүүгө барбаш керек эле, болбосо 9 пайыздык босого чеги киргизилип жатканда кабыл албашы зарыл болчу. Өткөн аптада 7 пайыздык босого чегине сунуш берип, кабыл алганбыз. Бүгүн 5 пайызык босого чеги деп сунуштап жатабыз. Эртең дагы бирөө 3 пайыздык босого чеги деп сунуш берет. Бирок тереңдеп караганда өзгөртүүлөр кандай таасир берет? Канчалык көп партиянын өкүлдөрү келе турган болсо, ошончолук биздин парламент туруктуу болбойт. Азыркы Конституция боюнча өкмөт менен Жогорку Кеңештин төрагасын байланыштырып койгон. Бүгүн өкмөт отставкага кете турган болсо, спикер кайра шайланышы керек. Канча майда партиялар келип коалиция түзө турган болсо, ошончолук талаш-тартыш болот. Керек болсо жарым жылдап өкмөттүн курамын кура албай калышы мүмкүн. Бир партиядан 5 депутат келип эмне маселени чечет? Канчалык ири болсо, парламент туруктуу болмок", - деди Өмүркулов.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Исхак Масалиев: "Мен деле мамлекетти ойлойм. Биз сунуш берип жатабыз. Колдойсуңарбы же жокпу добуш менен чечкиле", - деди.