Казакстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 402ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары Мамлекеттик ыкчам штабдын берген маалыматына таянып жазышууда.
"2-апрель саат 08:20га карата Казакстанда 16 адам вирусту жаңы жуктурганы аныкталды. Анын ичинен Нур-Султанда - 7, Атырау облусунда - 2, Караганда облусунда - 6, Түндүк-Казакстан облусунда -1. Жапы саны - 402", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 1-апрель күнү Казакстанда үчүнчү адам коронавирустан көз жумганы аныкталган.