Бүгүн, 19-майдан 20-майга караган түнү 1 жылда бир гана жолу келчү 83 жылга тете болгон Кадыр түндү дүйнө жүзүндөгү мусулмандар күтүп алышат.
Мусулман адам кадыр түнгө туш болуп, аны Аллах Таалага ибадат кылуу менен өткөрсө, ал 83 жыл бою ибадат кылгандай сооп табат.
Кадыр түн - акыркы пайгамбар Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам) жана анын үммөтүнө берилген белек. Бул түндө аткарылган ибадат миң айлык ибадатка барабар деп айтылат. Пайгамбар айткан: "Алла Таала Кадыр түндү менин үммөтүмө ырайымдуулук кылып берген, мындан башка үммөттөргө берилген эмес". Экинчи бир хадисте минтип айткан: "Силерге Орозо айы келди. Анда бир кече бар, ал миң айдан артыгыраак. Кимде-ким ушул кечеден куру калса, анда ал бардык жакшылыктан куру калат, бирок бул кечеден бактысыз адам гана куру калат".
Кадыр түндүн мааниси.
"Кадыр" деген сөз ислам аалымдары тарабынан 3 түрдүү чечмеленген:
1. "Өкүм түнү" деген маанини, башкача айтканда, Алланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин ажыратылган түнү деген маанини билдирет. Бул жерде айтылып жаткан "тагдыр" эзелки белгилеп коюлган өкүм-чечимдердин ачыкка чыгуусу болуп эсептелет;
2. "Кадыр-барктуулук, улуулук" деген мааниде;
3. "Тардык, кысылуу". Мунун мааниси - бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылат. Кээ бир ислам аалымдарынын пикиринде, "кысылуунун" артында чоң жакшылыктар болот. Курандагы алгачкы аян пайгамбарга Жабрайил периштенин катуу кысуусу менен башталган.
Бул түндө жасалган ибадаттардын сообу - миң айлык ибадаттын сообуна барабар. Бул түнү Жабрайил баштаган периштелер жер бетине түшүп, таң атканча адамдарга салам-тынчтык тилеп турушат. Бул түнү кимде-ким ыкылас менен ибадат кылса, анын күнөөлөрү кечирилет. Пайгамбар "Кимде-ким Кадыр түндү ишенүү менен сооп үмүт кылып өткөрсө, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет" деп айткан.
Исламда Кадыр түндүн так убактысы айтылган эмес. Кадыр кечеси Орозо айынын ичине жашырылган. Пайгамбар Мухаммад С.А.В. "Кадыр кечесин Орозо айынын ичинен издегиле", "Кадыр кечеси - Орозонун так түндөрүндө", "Кадыр кечеси - Орозонун акыркы он күнүндө" деген сыяктуу хадистерди айткан. Кадыр түн Орозонун 27-түнүндө деген айтымдар да бар.
Кадыр түндө эмне кылуу керек?
1. Кадыр кечесинде ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша намаз окуусу керек;
2. Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусу керек;
3. Көп дуба кылуу керек. Айша энебиз пайгамбардан (саллаллаху алейхи ва саллам) "Оо, Алланын элчиси, мен Кадыр кечесин таап калсам, кантип дуба кылайын?" деп сураганда, пайгамбар: "Аллахым, сен кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң, мени да кечир" деп дуба кыл деген;
4. Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек;
5. Өткөн күнөөлөргө тобо кылуу керек;
6. Алланы зикир кылуу керек;
7. Өзүң жана өткөндөр үчүн дуба кылуу керек.
Кадыр түндө эмне кылганга болбойт?
1. Көңүл ачуучу жайлардан тосконго, ичимдик ичкенге болбойт;
2. Кадыр түндө ушак айтып, жаман сөз сүйлөшпөйт. Телевизор көрүүгө болот, бирок анда шариятка тиешелүү баяндарды же тарбиясы бар маанилүү тасмаларды көргөнгө гана уруксат. Ал эми башка маанидеги берүүлөрдү көрүүгө тыюу салынат;
3. Шаан-шөкөт кылып ырдап-чордоп өткөрбөйт. Кадыр түндү дос-тааныштардын баарын чогултуп алып, шаан-шөкөт кылып, ырдап-бийлеп өткөрүүгө ислам дини жол бербейт. Андан көрө ошол эле жоро-жолдоштор менен ак дасторкон четинде баяндарды айтып отурса сообу көбүрөөк тиет.