Учурда Оренбург облусундагы Бузулук шаарында талаада калып, мекенине келе албай жаткан Кыргыз жарандарынын жанында жүргөн ырчы Гүлзат Мамытбек SUPER.KG порталына жеринен маалымат берип, элдин оор турмуш кечирип жатканын айтып берди.
- Гүлзат айым, саламатсызбы? Бузулук шаарында абал кандай? Эл кандай шартта күн кечирүүдө?
- Мен 2-3 күндөн бери Оренбург облусунун Бузулук шаарында Кыргыз өлкөсүнө бара албай жаткан мекендештерибиздин жанындамын. Мекендештерибиз такыраган жерге келип конушкан экен. 3-4 күндөн кийин Оренбург облусунун губернатору келип, чатырларды тигип бериптир. Биздин Орусиядагы элчилик эч нерсе кылган да, жардам да көрсөткөн жок дешти. Чатырларда жерде жатпагыла деп керебет, матрацтарды Оренбургдун губернатору, жергиликтүү мусулман калк: татар, дунган эли Рамазан айында кайрымдуулук кылып, алып келип беришиптир. Ошондой эле тамак жасаганга деп отундарды жеткирип, азык-түлүк берип жатышат. Элден айланса болот, биздин мекендештерден демөөрчүлөр да күнүмдүк азык, керектүү каражаттар менен камсыз кылууда.
- Буга чейин Орусиядагы элчиликтен "Оренбург облусунун жетекчилигинин, кыргыз диаспорасынын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен Кыргыз жарандарын азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси чечилди" дешти эле...
- Мен бул жактагылар менен аралашып жүрөм. Элчиликтен эч ким келип, кабар алган жок. Ал эми кыргыз диаспорасынан келип эле карап, кетип калышты. Алардан эч кандай жардам болгон жок деп бул жактагы мигранттар айтып жатышат.
- Учурда ал жакта канча адам бар? Канчасы кош бойлуу аялдар?
- Учурда жалпы 560 адам бар экен. Анын арасынан 25 аял кош бойлуу, беш-алтоо ай-күнү жетип калыптыр. Талаада төрөп калчудай болуп жатат. Эркайым деген айымды батирине акча төлөй албай калгандыктан кош бойлуу экенине карабай кууп чыгыптыр. Жолдошу экөө аргасыздан элге кошулуп бул жакка баса берген. Эркайым бул жактын суугунда жайкы жеңил бут кийим менен жүрөт. Дагы бир аял 7 айлык баласы менен суукта күн кечирип жатат. Айдоочулардын бири аларга унаасын бошотуп бериптир. Алар унаада жашап жатышат. Чынында азыр элдин абалы оор.
- Элчиликтен мекендештерди алып келүү маселеси каралып, тизме такталып жатканын айтышты. Качан мекендештерди алып кетишет экен, айтылган жокпу?
- Аялдарды биринчи алып кетебиз деп жатышат. Буга эл каршы, мен да туура эмес деп ойлойм. Баарын бир коридор менен алып кетиш керек. Бул жакта үй-бүлөлүү адамдар көп. Алардын аялдарын алып кетишсе, эркектери калып кетчүдөй болуп жатат. Азыр 200гө жакын адамды Кыргыз өлкөсүнө чартердик каттам менен учуруу үчүн автобус менен алып кетишти. Бизге башка маалымат беришкен жок.
- Бизге жеринен берген маалыматыңыз үчүн рахмат! Мекендештерибиз ийгиликтүү Кыргыз өлкөсүнө келип алат деген үмүттөбүз.