Кытайда акыркы суткада 105 адамдан COVID-19 илдети аныкталды

Кытайда акыркы сутка ичинде 105 адамдан COVID-19 илдети тастыкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматына таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, илдет тастыкталган 105 адамдын 102 жергиликтүүлөрдөн (96сы Синьцзян-Уйгур автономдук районунда жана бешөө Ляонин провинциясында жана бирөө Пекинде), үчөө сырттан келгендерден тастыкталган. Бир суткада ооруканадан 13 бейтап айыгып чыккан. Илдет жаңы тастыкталгандардын 21инде ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кытайда 87 миң 362 адам COVID-19 илдетине кабылып, 4 миң 658 адам каза болгон. 80 миң 594 бейтап сакайган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан