Орусияда ар бир он бешинчи коронавирустан каза болгон адам бул - медицина кызматкери

Орусияда COVID-19 инфекциясынан каза болгон адамдын ар бир он бешинчиси медицина кызматкери. Мындай маалыматты орусиялык басылмалар жазууда.

Ага ылайык, бул көрсөткүч пандемиянын оор кесепети тийген өлкөлөр арасындагы рекорддук көрсөткүч. 19-майга карата бул илдеттин курмандыгы болгон ак халатчандардын саны 241ди түзгөн. Журналисттер айрым булактарда коронавирус жуктуруп каза болгон медицина кызматкерлери 186 деген көрсөткүчтү да табышкан.

"186 дарыгер - бул Орусиянын аймагында вирустан каза болгон 2722 адамдын 7 пайызын түзөт. Дүйнөдө коронавирус эң көп жайылган он өлкөнүн ичинен Орусия каза болгондор аз өлкөгө кирет. Бирок башка мамлекеттерде дарыгерлердин бул оорудан көз жумганы мынчалык көп эмес. Улуу Британияда медицина кызматкерлери жалпы каза болгондордун 0,5 пайызын, Италияда 0,65 пайызын, Испанияда 0,27 пайызын түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан