Африка жарганаттарынан коронавирустун жаңы 7 түрү аныкталды

Африканын Габон өлкөсүнүн Франсвилл эл аралык медициналык изилдөө борборунун адистери тарабынан жарганаттардан вирустун жети жаңы түрү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, изилдөөчүлөр өлкө боюнча үңкүрлөрдө жашаган миңден ашык жарганаттарды сыноодон өткөрүп, алардын 18инде коронавирустун жаңы 7 түрү бар экендигин аныкташкан. Жаңы аныкталган вирус жарганаттан адамга жугабы азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, окумуштуулар вирус дүйнө элине жайыла баштаган маалда, ал Ухан шаарындагы базарлардын биринде жарганаттан адамга жугуп, анан тараганын айтышкан. Жарганаттар күчтүү иммунитетке ээ болгондуктан, адамга коркунуч туудурган 50гө жакын ар кандай вирустарды алып жүрүшү мүмкүн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
isarti
2020-05-20 13:21:19
Жарганат дегенди кырып салыш керек окшойт да.
+6
Baktigul-Kalmatova
2020-05-20 13:29:10
Жарганатты кырып жиберсе жарганатка азык болчу зыянкеч жаныбарлар кобойуп кетиши мункун.
+4
titanik32
2020-05-20 13:30:08
Ар ким ар нерсени оюна келгенин жаза беришет экен да элди коркутуп,бир сайттан окудум бүгүн эле жарганат 1500 вирустун түрүн алып жүрүшөт деп.Келечекте дагы коронавирустан күчтүү вирус каттап жибериши мүмкүн экен.Бирок бир Аллах билет жана сактайт,окумуштуулар да чарчап башы айланып калышты окшойт.
+6
PROS
2020-05-20 20:19:30
Эмнеге кылымдар бою адамдарга жарганаттардан вирус жуккан эмес?! Кытайлар мурда деле жеп жүрүшкөн, Африкада деле жешет. Жарганаттан адамга жукпайт, бул вирусту жарганаттан алып лабораторияда адамга жуга турган кылып жасашкан го дейм кытайлар.
+2
Kuba-savai87
2020-05-21 08:11:05
PROS,эн туура ой пикир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан