Бишкекке Филиппинден жана Кореядан 58 Кыргыз жараны кайтып келди

Бишкекке Филиппинден жана Кореядан 58 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропортунда бүгүн, 29-майда Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча “T-way” авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алышты.

Мекенине 58 Кыргыз жараны кайтып келди. Аталган каттам Корея Республикасынан Кыргыз жарандарын жана өлкөдөн Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Президент жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда, чет өлкөлөрдөгү Кыргыз жарандарын кайтаруу жолдорун жана каттамдарын издөө улантылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asem89
2020-05-31 15:34:16
"Президент жана өкмөтүн тапшырмасын..." --- өкмөтТүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан