UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун Дагестандын Цумадинск районундагы Силди айылы толугу менен коронавирус инфекциясына байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу аталган калктуу конуштун администрациясынын башчысы, мушкердин агасы Абдурахман Абдурахманов билдирген.
"Азырынча айыл тургундары буга чейин камдап алган азык-түлүгү менен күн өткөрүп жатышат. Бирок алар дагы түгөнө баштады", - деген Абдурахманов.
Буга чейин Хабиб Нурмагомедов анын айылында коронавирустан 11 адам каза болгонун жана коңшу айылда бир түндө инфекциядан 14 адам каза болуп, аларды көмө албай жатышканын айткан.