Коронавирус илдетинин очокторунда иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 сом эсебине кошумча түшүп турат

Коронавирус илдетинин очокторунда иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 сом эсебине кошумча түшүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Жыйында медицина кызматкерлерине кепилденген айлык маяна жана кошумча акы төлөөдө алар бөлүнгөн категориялар каралары айтылды.

"Өкмөттүн буйругу менен үйдөн иштөөгө жиберилген кээ бир категорияларга кирген медициналык кызматкерлердин маянасы толук берилет. Бул категорияга 60 жаштан өйдө курактагы кызматкерлер жана кош бойлуу медиктер бар. Аларга КТУ (эмгекке катышуу коэффициенти) жана индикаторлор боюнча дагы акы төлөнөт. Бирок бул акчалар комиссиянын чечиминен, текшерүүдөн кийин берилет.

Жалпысынан айтканда, медицина кызматкерлерине акы төлөп берүүдө аларды 3 категорияга бөлдүк. Мисалы, оорунун очогунда иштегендерге күнүнө 2300 сом эсебине түшүп турат, график боюнча иштегендердин 1 саатына 100 сом, орто медициналык персоналга 90 сом, кенже медициналык персоналга 80 сом жана "Тез жардамда" эмгектенген дарыгерлерге 600 сом, "Тез жардам" кызматындагы орто медициналык персоналга 500 сом, кенже персоналга 400 сом бөлүнүп турат", - дейт Аида Исмаилова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан