Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев коммерциялык эмес уюмдардын мүчөлөрү саясий иштер менен алектенип жатканын айтты.
"Бүгүнкү күнү коронавирус илдети пайда болгондон бери биздин жаштар грант албай эле өздөрүнүн кайрымдуулугу менен колунда барлардан жардамга муктаж адамдарга көмөк көрсөтүп жүрүштү. Эл аралык уюмдардан грант алып иштеп жаткандар толтура. Биз санариптештирүүгө өтүп жатабыз, ачык-айкындуулук пайда болот.
Коммерциялык эмес уюмдардын мүчөлөрү көбүнчө саясий иштер менен алек болуп жатышат. Айрыкча шайлоонун учурунда. Бир эле мекеменин ичинде орун талашуу болсо, коммерциялык эмес уюмдардын кулагы көрүнүп турат. Мамлекетке каршы иш жүргүзгөндөрдү көргөм. Гранттарды ала бергиле, албагыла деген өзгөртүү киргизилген жок да. Бирок алынган гранттарды эл билиши керек. Эң оңой талаптарды аткаруудан баш тартып, биздин укугубузду тебелеп жатасыңар деп жатышат", - дейт ал.